Кыргызстандын 20дан ашык ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлор ачылды

02.09.2022, 09:31 Акчабар
Кыргызстандын 20дан ашык ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлор ачылды

Өлкөнүн 20дан ашуун жогорку окуу жайларында креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү мекемелериндеги аталган бизнес-инкубаторлордун ачылыш аземине видеоконференция режиминде катышты.

"Кыргыз Республикасы — креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн келечектүү өлкө. Бүгүн биз жаштар арасындагы ишкерликти колдоого багытталган долбоорду баштоодобуз. Алдыңкы мамлекеттердин өнүгүү тарыхы көрсөтүп тургандай, биздин негизги ресурсубуз – бул мыкты идеяга ээ, демилгелүү, таланттуу жаштар. Эми студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Биздин өлкөдө стартаптар рыногу эми гана өнүгүп жатат. Силикон өрөөнүнүн теориясына ылайык, стартаптардын 10% гана ийгиликке жетет. Ошондуктан улуттук экономиканын өнүгүшүнө реалдуу таасир этиши үчүн өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген стартаптар өнүгүп, рынокто бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы болушу керек", - деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, жогорку окуу жайларда стартап-долбоорлордун сынактарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, стартаптарга каржылык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары, сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган стартап-долбоорлорду аныктоо жөнүндө жобо кабыл алынган.

"Студенттик стартап" программасынын алкагында маалымат/санарип технологиялар, медицина жана саламаттыкты сактоо/медициналык технологиялар, химиялык технология, интеллектуалдык өндүрүш технологиясы, биотехнология, ресурс үнөмдөөчү энергия, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактарда стартап долбоорлор тандалат. Андан соң мамлекеттик каржылоо үчүн эң күчтүү долбоорлор тандалып алынат. Биз стартаптар технологиялык уюмдардын массалык түрдө ишке киргизилишине алып келет жана экономиканын түрдүү тармактарында инновациялык чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз", — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Тэги: кабмин бизнес-инкубатор Акылбек Жапаров креативная экономика предринимательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу