Брюссельде  КР жарандарын ЕБнын кара тизмегинен чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

11.12.2019, 09:01 Акчабар
Брюссельде  КР жарандарын ЕБнын кара тизмегинен чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

2019-жылдын 9-декабрында Брюссельде КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Хорватия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер Министри Гордан Радмандын тең төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы – Европа Бирлиги кызматташтыгы боюнча Кеңештин 17-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

 

«Тараптар ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясын, ошондой эле, КР менен ЕБнын ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташын эске алуу аркылуу Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы мамилелердин абалын жана аларды бекемдөө келечектерин талкуулады. Билим берүү, инфратүзүмдү өнүктүрүү, шайлоо жана сот системаларын реформалоо, гуманитардык куржун, региондорду өнүктүрүү, иче турган суунун жеткиликтүүлүгү, банк-каржы чөйрөлөрүндөгү кызматташтык жигердүү жана ырааттуу өнүгүп жаткандыгы баса белгиленди», - деп жазылат маалыматта.  

2020-жылы Бишкекте ЕБ – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун өткөрүү жөнүндө суйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.  Кыргыз тарабы КР жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселесин кароонун, ошондой эле КР авиакомпанияларын ЕБнын кара тизмесинен чыгаруунун маанилүүлүгү жөнүндө маселелерди көтөрдү. 

Жыйынтыктоочу пресс-конференцияда европалык делегациянын Башчысы – Хорватиянын Тышкы жана европалык иштер министри Г.Радман Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүүсүнө Европа Бирлиги колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Тэги: ЕС черный список ЕС Кыргызстан авиация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу