Ушул жылдын 24-сентябрында 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион суроо-талаптын жоктугунан болгон жок, деп билдирди Улуттук банк.
10 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу менен бюджетке 400 миллион сом тартуу пландаштырылган.
Кошумчалай кетсек, 24-сентябрга карата өкмөттүн 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери 16 млрд 802 миллион 627 миң сомго бааланган.