13-августта эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлө турганын Улуттук банктан билдиришти.
Облигацияларды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 100 миллион сом тартуу пландалууда. Облигациялар боюнча купондук чен 5%өлчөмүндө белгиленген.
Кошумчалай кетсек, облигациялар мамлекеттин өлкөнүн ичинде карыз алуусунун негизги куралы болуп саналат. Маалыматка ылайык, 11-августка карата мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелер (ички карызы) 59,2 млрд сом.