Улуттук банктан билдиришкендей, 10-ноябрда өткөн 7 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштыруу боюнча аукциондо бюджетке 113 миллион сом тартылды.
Белгилей кетсек, кошумча жайгаштыруу аркылуу казынага 200 миллион сом тартуу пландалган. Облигациялардын наркы 74,83 сом болуп, кирешелүүлүгү 12,5%ды түздү.