Бюджеттик мекемелерде 28 млрд сомго мыйзам бузуулар аныкталды

30.06.2022, 09:32 Акчабар
Бюджеттик мекемелерде 28 млрд сомго мыйзам бузуулар аныкталды

Былтыр Эсеп палатасы 2 миң 390 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдө 125 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 28 миллиард 288,1 миллион сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу парламенттин 29-июндагы жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Алмаз Акматов билдирди.

Анын айтымында, каржылык мыйзам бузуулардын ичинен 26 млрд 213 млн сом компенсацияланууга тийиш болсо, бүгүнкү күндө 18 млрд 474 млн сом компенсацияланган.

“Резервдер жана бюджеттик жоготуулар 15 млрд 230 млн сомду түзсө, 1 млрд 161 млн сом орду толтурулду (толтурулууга тийиш болгон сумманын 78%ы). Ал эми сарамжалсыз пайдаланылган каражат 891 млн сомду түзүп, анын 69 млн сому өндүрүлгөн (ордун толтурууга тийиш болгон сумманын 30%)”, - деди Акматов.

Акматов сарамжалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 756,4 миллион сомго азайганын белгиледи.

Депутаттар жыл сайын мамлекеттик органдарда аныкталган мыйзам бузуулардын себептерин талдап, аларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү сунушташты. Талкуунун соңунда эл өкүлдөрү Эсеп палатасынын төрагасынын отчетун жактырышты.

Тэги: финансовые нарушения Счетная палата Кыргызстан бюджетные организации

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу