Президенттин иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

02.12.2021, 16:57 Акчабар
Президенттин иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, президенттин иш башкармасынын жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында мамлекет башчынын иш башкармасы түзүлөт.

Орган президенттин, ЖКнын, Министрлер Кабинетинин, президенттик администрациянын жана парламент ппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

Тэги: экономия оптимизация аппарат президента Жогорку Кенеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу