Бишкек шаарында жана Чүй облусунда майнинг-фермалардын мыйзамсыз иши аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, майнинг-ферма иштетүү үчүн электр энергиясын мыйзамсыз колдонгон ири өнөр жай объектилери белгилүү болду.
Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнингди уюштуруу үчүн эки миңге жакын жабдуу алынды.
Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.