Кыргызстанда электр энергиясынын керектөөсү 2021-жылдын декабрь айында 1 млрд 757 млн 351 миң кВт саатты түздү. Мындай маалыматты “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын маалыматы боюнча, бул бир ай мурунку керектөө 1,67 млрд киловатт-саатка салыштырмалуу 89 млн 724 миң киловатт-саатка көп.
Ошону менен бирге, Кыргызстандын эли 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу электр энергиясын 328,8 млн киловатт-саатка жана 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу 108,7 млн киловатт-саатка аз керектеген.