“Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАКтын бардык сактык кассаларында евро түгөнүп калды. Мындай маалыматты банктан билдиришти.
Кырдаал май майрамдарына байланыштуу түзүлүп, 10-майга чейин банктын нөөмөт кассалары гана иштеп жатат.
Ошол эле учурда окурмандар “Акчабарга” “Дордой Плаза” соода борборундагы “Демир Банктын” филиалында жалаң эскирип калган евро банкноттору бар экенин билдирди.