V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Астана шаарында өтөт. Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги билдиргендей, иш-чара 8-14-сентябрь аралыгына белгиленди.
Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Ошондой эле 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.
Программа болжол менен спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт.