Жеке үйлөрдө жана батирлерде бала бакча ачууга уруксат берилди

11.05.2023, 09:34 Акчабар
Жеке үйлөрдө жана батирлерде бала бакча ачууга уруксат берилди

Жеке үйлөрдө жана батирлерде бала бакчаларды ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда борбордун Ленин жана Биринчи Май райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча үч күндүк окуудан өтүүнү жана жаңы имараттарда үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган жарандардан арыздар жыйналууда.

“Мамлекеттик акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топ кызыктар тараптар, ишкерлер, ошондой эле кварталдык, үй комитеттеринин өкүлдөрү менен жолугушууларды баштады. 

“Жумушчу топтун курамына Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова, Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Санитардык-эпидемиологиялык жана Салык кызматынын өкүлдөрү кирди”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйналышта турак жайларда (жеке үйлөр жана батирлер) үй тибиндеги балдар бакчасын ачуу мүмкүнчүлүктөрү айтылат. 

 

Тэги: новости Кыргызстана детские сады мэрия Бишкека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу