Кыргызстанда жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, ушул жылдын 1-апрелине карата республика боюнча катталган жумушсуздардын жалпы саны 76,9 миң адамды түздү. Мында 101,7 миң адам иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматтарында каттоодо турат.