Жалал-Абад облусунда 700 млн сомдук аткезчилик аныкталды

08.01.2024, 15:04 Акчабар
Жалал-Абад облусунда 700 млн сомдук аткезчилик аныкталды

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жылкыларды чек арадан мыйзамсыз айдап өтүү аракетин токтотушту. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны үч жылкыны Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноошкен тилкесинде чек арачылар мамлекеттик чек ара тилкесинде Өзбекстандан Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн белгисиз жаранды байкашкан.

Мамлекеттик чек араны бузуучуну кармоо учурунда чек ара кезмети анын таштап кеткен эки сумкасын табышкан, анын ичинен дары-дармектер табылган. Ал киши өзү Кыргызстандын аймагында жашынууга жетишкен. Учурда контрабандистти издөө иштери уланууда.

Алдын ала маалыматка караганда, аткезчилик жол менен алынып келинген малдын жана дары-дармектердин жалпы баасы 700 миң сомдон ашкан.

Тэги: новости Кыргызстана Ала-Бука контрабанда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу