Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Шамалды-Сай айылындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоо жана реконструкциялоого тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин баасы 61 млн. 200,4 миң сомду түзөт.
Бул суммага стадион, трибуна жана чуркоо аянтчасы бар футболдук аянтчаны куруу пландалууда.