Ушул жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га өстү.
Өсүш Казакстанда – 0,8%, Кыргызстанда – 4,7%, Орусияда – 7,3%га байкалды. Беларуста жана Арменияда тескерисинче, өндүрүш 3,4% жана 3%га төмөндөгөн.
"Оң динамика союу үчүн мал жана канаттууларды өндүрүүнүн 2,6%га, сүттү 3,4%га жана жумуртканы 1,7%га көбөйтүү менен байланыштуу", - деп белгиледи ЕЭК.
Ошону менен бирге, Армениядан башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө союу жана сүт үчүн малдын жана үй канаттууларынын өндүрүшүнүн өсүшү белгиленди. Жумуртка өндүрүүнүн максималдуу өсүшү Кыргызстанда, азайганы Беларуста байкалды.