Быйыл тогуз айда Евразия экономикалык биримдигинде бардык чарбаларда айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 107 миллиард долларды түздү. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 5,4%га көп. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Өсүү ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде байкалды. Алсак, Казакстанда 6,9%, Кыргызстанда 6,5%, Россияда 5,2%, Беларуста 4,9%, Арменияда 0,5% түздү.
Оң динамика негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн, биринчи кезекте дан жана буурчак өсүмдүктөрүн чогултуунун көбөйүшү менен байланыштуу. Ошондой эле, мал чарбасынын негизги өнүмдөрүн өндүрүү жана көбөйтүүнүн көлөмү өскөн.