2020-жылдын февраль айынан тарта Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Орто Азиядагы жетекчиси болуп Андре Куусвек иштей баштайт.
Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.
«Мен үчүн ЕРӨБдүн Орто Азиядагы жетекчиси кызматын аркалоо чоң сыймык. Мен жеке секторду өнүктүрүү жаатында ишимди улантам жана бизнести колдоого бар күчүмдү жумшайм», — деп билдирди ал.
Куусвек Эстониянын жараны жана Стокгольм экономика мектебин аяктаган. Ал буга чейин ЕРӨБдүн улуттук валютада каржылоону өнүктүрүү жана жергиликтүү капитал рыноктору штабында эмгектенген.
Учурда банктын Орто Азиядагы менеджери болуп Бруно Балванер кызматын өтөп жатат.