Бир жылда минералдык жер семирткичтер 75,4% кымбаттады

04.11.2022, 09:26 Акчабар
Бир жылда минералдык жер семирткичтер 75,4% кымбаттады

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтер былтыркы ноябрь айтынан тарта орточо 75,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Баарынан да 198,2%га, же 55,7 сомго азот-фосфордук жер семирткичтер кымбаттады. Учурда алардын 1 килограммы 83,8 сомду түзөт.

Нитроаммофос 57%га, же 23,4 сомго кымбаттады, азыр 64,4 сомго чыкты. Аммофос 56,2 сом турат. Ал 56,1%га, же 20,2 сомго кымбаттады.

Карбамид 50%дан азыраак кымбаттады  48,2% (16,4 сом), диаммофос 47,8% (22,9 сом) жана аммиак селитрасы  45,3% (13,3 сом). Учурда алардын килограммы 50,4 сомдон, 70,8 сомдон, 45,2 сомдон сатылууда.

Тэги: новости Кыргызстана минеральные удобрения индекс цен экономика сельское хозяйство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу