Быйыл Кыргызстанда автоунаа баасы максималдуу түрдө көтөрүлдү

19.07.2023, 13:28 Акчабар
Быйыл Кыргызстанда автоунаа баасы максималдуу түрдө көтөрүлдү

Былтыркы жылдын аягында, декабрь айында, 2021-жылдын декабрына карата автоунаалардын баасы орто эсеп менен 12,3%га өскөн. Муну расмий статистикалык маалыматтар тастыктайт.

Баанын эң чоң өсүшү 2022-жылдын март айында дароо 14,6%га катталган. Калган айларда баанын жылдык өсүшү 4,1% - 9,9% чегинде болгон. Ошентип, март айы сатып алуу үчүн эң жакшы убакыт эмес, бирок сатуу үчүн эң сонун мезгил деген тыянакка келсек болот.

Ошол эле учурда, эгерде биз 2018-жылдын маалыматтарын талдай турган болсок, анда 2023-жылдын февраль айында автоунаалардын баасы 18,7%га (2022-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу) жогорулаганын көрсөтүү менен бардык рекорддорду жаңыртты деп ишенимдүү айта алабыз. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын унаа рыногунун тарыхында машиналардын баасы арзандаган учурлар болгон. Тактап айтканда, бул 2019-жылдын май-июнь айларында, ошондой эле 2019-жылдын августунан 2020-жылдын мартына чейинки убакытта белгиленген.

Тэги: Новости Кыргызстан автомобили авторынок потребительские цены деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу