«Фрунзеде» товарларды көрсөтүлгөн баадан кымбат эсептешкен

27.02.2023, 10:37 Акчабар
«Фрунзеде» товарларды көрсөтүлгөн баадан кымбат эсептешкен

Бишкектеги "Фрунзе" супермаркеттер түйүнүнүн биринде товарлар кассада жогорулатылган баада эсептелген. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Алсак, Монополияга каршы кызматтын инспекторлору Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан филиалда текшерүү жүргүзгөн, анда сатып алуучу текчелерде көрсөтүлгөн бир катар товарлардын баасы кассадагы баага дал келбей жатат деп арызданган.

"Товарды көрсөтүлгөн баага туура келбеген баада сатуу Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарын бузуу болуп саналат. 20-февралда "Азия Ретейл" ЖАКына (Фрунзе) мыйзам бузууну тез арада жоюу боюнча чараларды көрүү буйругу жөнөтүлгөн", - деп билдирди Монополияга каршы орган.

"Фрунзе" филиалынын жетекчисине жана соода жайынын администраторуна сөгүш жана эскертүү түрүндөгү дисциплинардык жазалар берилип, бардык карама-каршылыктар жоюлганы белгиленди.

 

 

Тэги: новости Кыргызстана Гипермаркет «Фрунзе»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу