Кредиттик союздардын финансылык компаниясында Директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жазылды.
Кредиттик союздардын финансылык компаниясы акционерлеринин 2021-жылдын 20-августундагы кезексиз жалпы чогулушунда Максат Кадыкеев коомдун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болуп шайланган.