Эсеп палатасы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда 964 млн 782,7 миң сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында фонддо 75 мыйзам бузуу аныкталган:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун даярдоодо жана кароодо жол берилген бузуулар: мыйзамдарды жана укуктук ченемдерди бузуулардын саны – 9, аныкталган финансылык бузуулардын суммасы – 610,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер: мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды бузуулардын саны – 27, аныкталган финансылык бузуулардын суммасы – 920 млн 24,2 миң сом;
- Мүлктү пайдалануудагы 11 бузуулар жана кемчиликтер: аныкталган каржылык мыйзам бузуулардын суммасы – 18 млн 382,5 миң сом;
- Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу (15) 10 млн 674,6 миң сомго;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар (5) 15 млн 90,9 миң сом;
- Эл аралык келишимдердин эрежелеринин жана ченемдеринин карама-каршылыгы жана процессуалдык бузуулар (8), бул бөлүктө процесстик бузуулар гана классификацияланат, ошондуктан аларды акчалай формада көрсөтүүгө болбойт.
Тэги: новости Кыргызстана Счетная палата