«ФИНИКО» каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды

16.12.2022, 15:45 Акчабар
«ФИНИКО» каржы пирамидасынын уюштуруучусу кармалды

Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган деген айып менен издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган Э.М аттуу жаран Грузияда кармалды. Аны Кыргызстандагы Интерпол Улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү менен Тбилисиде колго түшүрүшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаранга Кыргызстандын укук коргоо органдары ири каржы пирамидасын уюштурган деген айып менен издөө жарыялаган. 

Шектүү жаран Бишкекте эле каржы пирамидасынын 15тен ашык филиалын ачкан.

Кошумчалай кетсек, 2019-2021-жылдары ага Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 млн. 283 миң долларын алдаткан. Кармалган адам андан тышкары эки кишинин 154 миң доллардан ашык акчасын алдап алып кеткен деп шек саналууда. Ушул тапта аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери каралып жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, “Финико” компаниясы 2019-жылы Орусияда түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30% жогорку кирешени убада кылган. Орусияда да жарандарга миллиондогон доллар чыгым келтирген.

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана финико финансовые пирамиды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу