Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 миллиард 589,3 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев билдирди.
Бул мезгилге белгиленген план 1,3 миллиард сомго ашык аткарылды. Каражат 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 миллиард сомго көп чогултулган.
Аткаминер мындай жыйынтыктарга ЭТТН, Смарт салым, KKM, ЭСФ отчетторун салыштырып, көзөмөлдү күчөтүү аркылуу жетишилгенин белгиледи.
"Анын ичинде 40 млрд 40 млн сом салык жана төлөмдөр пландан 499 млн сомго мурда чогултулган. Бул 2022-жылдын үч айына салыштырмалуу 3,7 миллиард сомго көп. Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 14 млрд 549,3 млн сомду түздү же 849,3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3 млрд сомго көп", - деди Исламбек Кыдыргычев.
Ал белгилегендей, 2023-жылы Салык кызматы 250,5 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек, бул 2022-жылга салыштырмалуу 43 миллиард сомго көп. Салыктар боюнча жылдык план 196,1 миллиард сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 54,4 миллиард сом.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане