Алты айдын ичинде Кыргызстанда 346 миллион 208 миң даана тоок жумурткасы өндүрүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 миллион 443 миңге аз деп билдирди Айыл чарба министрлиги.
Жумуртка өндүрүү республиканын бардык региондорунда көбөйдү, бирок Ысык-Көл облусунда 25,6%га төмөндөгөн.
"Республикада жумуртка өндүрүшүнүн төмөндөшүнүн негизги себеби - канаттуулардын санынын 140,7 миң башка азайышы менен байланыштуу", - деп түшүндүрүштү министрликтен.