Январь-июль айларында Кыргызстанга муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардан, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук банкынан дивиденд жана пайда түрүндө 8 миллиард 459,4 миллион сом түштү.
Анын ичинен мамлекеттик, муниципалдык акциялар пакети боюнча чегерилген дивиденддер 2 млрд 458,9 млн сомду, Улуттук банктын мамлекеттик бюджетке чегерилген пайдасы – 5 млрд 773,3 млн сомду, мамлекеттик ишканалардын кирешеси – 227 млн 274,8 миң сомду түздү.
Ошол эле учурда июль айында жалпы суммадан казынага 600 миллион 854,9 миң сом дивиденд жана мамлекеттик ишканалардын кирешесинен 500 миң сом гана түшкөн.