Июнь айында республикалык бюджетте эки мамлекеттик банкка 2 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, 1 млрд сом “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна түшсө, “РСК Банк” ачык акционердик коомуна да ушундай эле сумма бөлүнөт.
Кошумчалай кетсек, май айында эки мамлекеттик банкка 500 миллион сомдон бюджеттен 1 миллиард сом бөлүү каралган.