2021-жылдын июнь айында коммерциялык банктар тарабынан берилген керектөө насыяларынын көлөмү 18,9 миллиард сомго жеткен. Улуттук банктын отчетуна ылайык, орточо чен 23% ды түздү.
Муну менен бир айдын ичинде кыргызстандыктар 674 миллион сомго керектөө насыясын алышты. Улуттук валютада дээрлик 99,9% чыгарылган.
Чет элдик валютадагы керектөө насыяларынын көлөмү 485 миллион сомду түзөт. Бир ай ичиндеги өсүш 715 миң сом болду.