Июнда майнерлер 10,5 млн сом салык төлөдү

04.08.2023, 14:45 Акчабар
Июнда майнерлер 10,5 млн сом салык төлөдү

Ушул жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын аймагында иштеген майнинг компаниялары салык түрүндө 33 млн 783,2 миң сом төлөгөн. 

Маалыматка ылайык, бардык сумма толугу менен өлкө бюджетине чегерилген. 

Белгилеп кетсек, быйыл 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу майнерлер бюджетке 6,7 млн сомго көп каражат салган, тактап айтканда салык төрт эсеге көбөйгөн.
Мындан тышкары, январь-май айларында 23,2 млн сом төлөшсө, июнь айында мамлекеттик казынага 10,5 млн сом салган. 

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча 2023-жылы эки компания майнинг иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. Булар “ФенЮэн” технологиялык компаниясы жана “Кара-Балта спецэнергомонтаж компаниясы”.

 

Тэги: новости Кыргызстана майнеры майнинг налог

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу