Кечээ, 28-февралда "Манас" аба майданы менен "Wizz Air Abu Dhabi" авиакомпаниясы кызматташуу жана жаңы авиакаттамды ачуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Ушул жылдын июнь айында Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборлорун байланыштырган жаңы рейс ачууну пландоодо. Каттам Airbus Neo 321 учагы менен жумасына 3 жолу - шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Ошондой эле жакынкы аралыкта Абу-Даби — Ош — Абу-Даби каттамы боюнча авиакаттам ачуу пландалууда.
Жүргүнчүлөр билеттерди WIZZ Flex аркылуу брондой алышат, ошондой эле билеттерди учууга 3 саат калганга чейин эч кандай комиссиясыз кайтарып, билеттин баасынын 100% ала алышат.
БАЭде жайгашкан Wizz Air Abu Dhabi Египет, Казакстан, Иордания, Түркия, Греция, Азербайжан, Сербия, Сауд Арабиясы, Кувейт, Грузия, Бахрейн, Мальдив аралдары, Оман, Өзбекстан, Босния, Израиль, Албания, Армения сыяктуу багыттарга арзан бааларды сунуштайт.