Ички авиакаттамдардын баасын төмөндөтүү талкууланды

10.10.2022, 10:07 Акчабар
Ички авиакаттамдардын баасын төмөндөтүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ички авиакаттамдардын баасын төмөндөтүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Төрөбаев Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялар жана башка кызыктар тараптар менен бирге авиа билеттердин кымбатташына жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялардын өкүлдөрү, авиакассалардын өкүлдөрү менен биргеликте авиа билеттердин баасын авиакомпаниялардын белгиленген пайыздык ставкаларынан жогору көтөрүүсүнө жол бербөө зарыл. Авиабилеттердин баасы негизсиз жогорулатылган учурда мыйзам чегинде чара көрүү жагы жооптуу түзүмдөргө тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Мамлекеттик жарандык авиация агенттигине авиакомпаниялар менен бирге Баткен жана Раззаков шаарларына каттамдарды көбөйтүү, “Манас” эл аралык аэропорту, Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун штаттык санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Тэги: новости Кыргызстана авиаперелеты внутренние рейсы кабмин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу