Баткен облусунун Кадамжай районунда Алгакадам магистралдык каналынын курулушунун биринчи этабы аяктады. Долбоордун болжолдуу баасы 634,2 млн сомду түзөт. Бул тууралуу суу чарба кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуштун биринчи этабында тоо тектеринин жарылышы болгон. Ирригациялык курулуштун узундугу 27,8 километрди түзөт. Ал 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыз кылат.
“Каржылоо коомдук бирикменин каражаттарынын жана жарым-жартылай республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат”, - деп билдирди басма сөз кызматы.