«Манас» аба майданынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

11.06.2021, 17:00 Акчабар
«Манас» аба майданынан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болот?

Бүгүнкү күндө Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркияга түздөн-түз үзгүлтүксүз каттамдар "Манас" эл аралык аэропортунан ишке ашырылууда. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан

  • Алматы-Бишкек-Алматы каттамы боюнча рейс "Эйр Астана" тарабынан жумасына жети жолу (жекшембиден тышкары) жүргүзүлөт;
  • Түркстан-Бишкек-Түркстан каттамы боюнча учуу жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана бейшемби) “Fly Arystan” тарабынан жүргүзүлөт.

Өзбекстан


Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы боюнча учууну "Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы жумасына үч жолу (дүйшөмбү, бейшемби, ишемби) жүзөгө ашырат. (19-июндан баштап, ишемби күнү эртең мененки каттам кошулат).

Түркия 

  • Бишкек-Стамбул-Бишкек каттамын “Түрк аба жолдору” жумасына 14 жолу - күнүнө эки каттам менен жүргүзөт. (1-июлдан баштап кошумча каттамдар бейшемби, жума, жекшемби күндөрү кошулат)
  • Бишкек-Стамбул-Бишкек каттамы “Pegasus Airlines” тарабынан жумасына жети жолу (күн сайын) жүргүзүлөт;
  • Анталия-Бишкек-Анталия каттамы “Pegasus Airlines” авиакомпаниясы тарабынан жумасына төрт жолу (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби, ишемби) жүргүзүлөт.

БАЭ

Дубай-Бишкек-Дубай каттамы боюнча “Fly Dubai” жумасына жети жолу (күн сайын) учуп турат. (июнь айына шейшемби жана бейшемби күндөрү каттамдар токтотулган)

Орусия

Түз аба каттамдары:

  • Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча учууну “Аэрофлот” жумасына үч жолу жүргүзөт (шейшемби, жума, жекшемби).
  • Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча учууну “AviaTrafficCompany” жумасына үч жолу жүргүзөт (шаршемби, жума, жекшемби).
  • Москва-Бишкек-Москва каттамы боюнча каттамды “Урал аба жолдору” жумасына бир жолу (шаршемби) жүргүзөт.

 

Тэги: аэропорт Аэропорт «Манас» рейсы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу