Былтыркы жылы өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси баарынан мурда калдыктарды чогултуу, кайра иштетүү жана жок кылуу, экинчилик сырьену алууда төмөндөгөн. Ал эми төмөндөө 34,1% түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында келтирилген.
Маалым болгондой, бул тармак иш жүзүндөгү баада 1 миллиард 258 миллион 524,8 миң сомдук продукция өндүргөн.
Ошондой эле өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси химиялык (-23,4%) жана фармацевтикалык (-17%) өндүрүшүндө төмөндөгөн.