Былтыр, 2022-жылы жалпы республика боюнча сүт азыктарына, сырга жана жумурткага болгон баа 19,4%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында баалар жогорулаган. Баанын максималдуу өсүшү Нарын облусуна (25,3%) туура келген.
Ошондой эле, 2022-жылдын декабрь айында чийки сүттүн 1 литринин эң жогорку орточо баасы Баткен шаарында 68,54 сом болгон. Ал эми эң кымбат жумуртка Өзгөндө (10 даанага 143,26 сом) сатылган.