Кара-Балта жана Талас шаарларында калкты тейлөө борборлору ачылат

07.12.2020, 15:10 Акчабар
Кара-Балта жана Талас шаарларында калкты тейлөө борборлору ачылат

2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Балта жана Талас шаарларындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесини бөлүмдөрүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун (КТБ) ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда КТБларды ишке киргизүү үчүн имараттарды оңдоо иштери башталды. Бул аймактарда АвтоКТБнын ачылышы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт, алардын сапатын жогорулатат жана процесстерди оптималдаштырат.

Биринчи AвтоКТБ Кыргызстандын борборунда 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап иштейт. Жыл аягына чейин шаардын батыш тарабында, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча дагы бир калкты тейлөө борборун ачуу пландаштырылууда.

 

Тэги: ГРС АвтоЦОНы экономика Кара-Балта Талас AвтоКТБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу