Каракол шаарында 13,6 миллион сомдук жер тилкеси мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаардык сотунун 2015-жылдагы чечими менен "Кашка-Суу" кичи районунда жайгашкан 43 чарчы метр жер тилкеси кыргызстандык аялдын менчиги деп табылып, Каракол-Аксуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин филиалы тарабынан мамлекеттик менчик актысы берилген.
Ошентип, 2021-жылы Каракол шаарынын прокуратурасы жогорудагы соттун чечимине карата административдик сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган, анын жыйынтыгында аталган жарандын менчик укугу жокко чыгарылып, объект муниципалдык менчикке өттү.