Эң арзан нан Караколдо сатылууда

05.12.2022, 09:19 Акчабар
Эң арзан нан Караколдо сатылууда

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы нан жана нан азыктарынын орточо баасы боюнча маалыматтарды жарыялады.

Маалыматка ылайык, эң арзан нан Каракол шаарында килограммына 56 сомдон сатылат. Ошол эле учурда, Таласта нандын килограммы дээрлик 67 сомдон сатылууда.

Ал эми нан азыктары эң кымбат Баткенде, арзаныраагы Нарында сатылат. 

“Нанга болгон баанын туруктуу болушунун негизги себептеринин бири 2021-жылы Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында 1-сорттогу буудай унунун баасын кармап туруу боюнча келишим түзүлгөн. Быйыл 2022-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча биринчи сорттогу буудай унунун баасы орто эсеп менен 1 килограммы 43 сомду түзүп, июль айына салыштырмалуу 2 сомго арзандады”, — деп айтылат маалыматта.

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана хлеб цены на хлеб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу