Каракол шаарында кышкы туризм жарманкеси өтүүдө

06.01.2023, 11:35 Акчабар
Каракол шаарында кышкы туризм жарманкеси өтүүдө

Кышкы туристтик мезгилде Каракол шаарында жаңы жылдык майрамдарга арналган KARAKOL FAIR эл аралык кышкы туризм жарманкеси өтүүдө.

Жарманкеге өлкөнүн бардык аймактарынан көптөгөн кол өнөрчүлөр келип, өз буюмдарын көргөзүшүүдө. Ошондой эле, экологиялык өнүмдөрдүн көргөзмөсү, фуд-корт бар, анда Каракол шаарында жашаган түрдүү этностордун тамактарын татып көрүүгө болот.

Жарманкенин алкагында шаардын борбордук аянтында жана Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын алдында Каракол шаарындагы этностук топтордун концерттери, балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, оюндар, сынактар ​​болууда.

"KARAKOL FAIR жарманкесинин алкагында биринчи жолу  Тянь-Шандын алгачкы саякатчыларынын фотосүрөттөрүнүн коллекциясы жана күндөлүктөрү көргөзүлгөн фотокөргөзмө болот. Бул этнография жана антропологияда жаңы барактарды ачат” - дейт уюштуруучулар. 

Жарманкени Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаарындагы тур операторлор уюштурууда. Башкы өнөктөшү “Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” болуп саналат.

Белгилей кетсек, жарманке 5-7-январь аралыгында өтөт.
 

 

Тэги: новости Кыргызстана Каракол выставка-ярмарка зимний туристический сезон

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу