Казакстанда 1,2 миңден ашык соода объектилери мародерлор тарабынан жапа чекти

10.01.2022, 11:10 Акчабар
Казакстанда 1,2 миңден ашык соода объектилери мародерлор тарабынан жапа чекти

Казакстандын “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасына мародерлуктан жапа чеккен жана форс-мажордук күбөлүк берүүнү каалаган ишкерлердин чалуулары уланууда.

10-январга карата Казакстандын тогуз облусунда 1 миң 488 объектте жайгашкан 1 миң 319 чарбалык субъектилер жабыркаганы аныкталды, анын ичинен Алматы шаарында – 1 миң 234 субъект.

Эң көп жабыр тарткан өнөр жай тармагы – 1245, коомдук тамактануу – 25, каржы тармагы – 37, логистика – 9 жана ЖМК – 2.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 93,7 млрд теңгеден ашык же 216 млн доллардан ашыкты түздү, анын 93,2 млрд теңгеси (214,9 млн доллары) Алматыга туура келет”, — деп аталган палатадан билдиришти.

Тэги: бизнес ущерб Казахстан палата предпринимателей

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу