Казахстанда күйүүчү май жана дизелдик отун жетишсиз

23.06.2021, 15:40 Акчабар
Казахстанда күйүүчү май жана дизелдик отун жетишсиз

Казахстандын түштүк аймактарында дизелдик отун жетишсиз болууда. Бирок маселе жакынкы аралыкта жөнгө салынат. Бул тууралуу брифингде энергетика боюнча вице-министр Асет Магауов билдиргенин Tengrinews.kz  жазды.

Анын айтымында, июнь айында өлкөнүн түштүгүндө мунай продуктуларын жеткирүү үзгүлтүккө учураган. Магауов белгилегендей, мунун себебине бир нече факторлор бар:

“Мунай продуктуларын өндүрүү учурдагы керектөөлөрдү толугу менен жабат. Шымкенттеги нефтти кайра иштетүүчү заводдо ремонт жүргөн мезгилде ишкерлерге күйүүчү май отундарын Атырау жана Павлодардагы нефтти кайра иштетүүчү заводдордон алуу мүмкүнчүлүгү болгон. Аймактарда мунайдын ашыкча камдалуусу жөнгө салынган. Бул стандарттык практика, заводдор ар жылы пландык ремонттон өтөт. Бирок күйүүчү майларды убагында темир жол аркылуу жүктөп жөнөтүү боюнча суроолор жаралып келген. Министрлик мунай өндүрүшү боюнча координациялоону камсыздоодо. Ал эми кийинки процесстер – бул ишкерлер ортосундагы мамиле”,- деди Асет Магаумов.

Брифингде журналисттер дизелдик отун бааларын айдоочулар эмнеге кымбат белгилеп жаткандыгы боюнча суроо салды. 

Буга жооп кылып, Магауов дүң баада дизелдик отундун олуттуу өсүшүнө өбөлгө жок экендигин айтты.

“Дүң баа боюнча абал бир аз стабилдүү. Мүмкүн абалдан пайдаланган айрым май куюуучу жайлары базардагы бааны көтөргөндүр. Мен бул боюна маселени атайын компетенттүү органдар карап, тийиштүү чараларды көрөт деп ойлойм", деди энергетика боюнча вице-министр.

Тэги: Казахстан топливо бензин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу