Казакстанда жылдык инфляция 7,2% түздү

07.06.2021, 10:15 Акчабар
Казакстанда жылдык инфляция 7,2% түздү

2021-жылдын май айында Казакстанда жылдык инфляция апрель айындагы 7% га салыштырмалуу 7,2% түздү. Муну менен азык-түлүк товарларына баалар 9,3% га, азык-түлүк эмес товарларга - 6,7% га, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө 5,1% га кымбаттаган. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалоо агенттигинин Улуттук статистика бюросунун сайтында маалымдалды, деп жазды “Kursiv”.

Май айында, 2021-жылдын апрелине салыштырмалуу, азык-түлүк товарлары 0,8% га, азык-түлүк эмес товарлар 0,6% га, акы төлөнүүчү кызматтар 0,7% га жогорулаган.

Алсак, кызылчанын баасы 27,7% га, сабиз 16,1% га, картошка 11,1% га, күн карама майы 3,3% га, козу 3,2% га, капуста 3% га, кумшекер, жемиштер 1,7% га жогорулады. Бадыраң 23,4%, помидор 17,2%, жумуртка, апельсин 2,8% арзандады.

Ошондой эле, азык-түлүк эмес товарлар, анын ичинде автоунаалар 2% га, бензин 1,8% га, цилиндрдеги суюлтулган газ 1,2% га, дизелдик отун 0,9% га кымбаттаган.

Баалардын көтөрүлүшү акы төлөнүүчү кызматтарга дагы таасирин тийгизди. Аба транспорту менен саякаттоо 8,7% га, шаардык автобус менен 1,4% га кымбаттаган.

Турак жай-коммуналдык чарба жаатында таштандыларды чогултуу үчүн тарифтер 5,7% га, электр энергиясына - 1,7% га жогорулады, ал эми ысык сууга, тескерисинче, 1% га төмөндөдү.

Тэги: годовая инфляция Казахстан продукты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу