Казакстанда алтын кымбаттады

25.10.2019, 13:30 Акчабар
Казакстанда алтын кымбаттады

Казакстанда алтын зер буюмдары 6%, күмүш – 2% кымбаттады . Бул тууралуу Energyprom.kz маалымат булагы жазып чыкты. 

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы маалымат боюнча, бир жыл ичинде алтын зер буюмдарына болгон баа 5.8%  өскөн. Алтындын бир граммына болгон баа - 16 миң 870 теңгени түзсө, бир жыл мурун – 15 миң 938 теңге баасында болгон. 

Нур-Султан шаарында алтындын баасы кымбатыраак (23 миң 707 теңге) , Актауда – 20 миң 285 теңге, Атырауда – 19 миң 859 теңге турат. 

Күмүштөн жасалган зер буюмдар 1.8% кымбаттаган. 2018 – жылдын сентябрь айынан тарта 1482 теңгеден, ушул жылдын сентябрь айына чейин 1509 теңгеге өскөн. Атырау шаарында күмүшкө болгон баа башка шаарлардан жогору турат. Бир грамм күмүштүн баасы – 2226 теңге, нур-Султан шаарында – 1982 теңге жана Алматы шаарында – 1948 теңге турат. 

 

Тэги: РК золото ювелирные украшения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу