Казакстанда ушул жылдын июнь айында инфляция 1,1% ды түздү (2020-жылдын июнунда 0,4% болчу). Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Улуттук банкынан маалым болду.
Жылдык инфляция 7,9% деңгээлинде болгон (2020-жылдын декабрында - 7,5%). Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баа жылдык мааниде 10,6%га, азык-түлүк эмес товарларга - 6,9%га, акы төлөнүүчү кызматтарга - 5,6%га жогорулады.
2021 -жылдын июнунда, калктын сурамжылоосунун жыйынтыгынан бир жыл ичинде күтүлгөн инфляциянын сандык баасы 7,3%ды түзгөн.
Ал эми Кыргызстанда июль айында инфляция жылдык мааниде 15%ды түзгөн.