Казакстан жыйырма миң теңгелик банкнотун чыгарат

30.09.2022, 12:01 Акчабар
Казакстан жыйырма миң теңгелик банкнотун чыгарат

Казакстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 1-октябрында номиналдык наркы 20 миң теңге болгон банкнотту жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Казакстандын көзөмөл органынын сайтында маалымдалды. 

«Банкнот жүгүртүүдөгү банкноттордун стилинде жасалган. Ошентип, алдыңкы жагы негизинен вертикалдуу сүрөттөрдү камтыйт, арткы тарабы - горизонталдуу. Дизайн бүткүл вертикал боюнча жайгашкан, номиналдын голографиялык сүрөтү бар деметализацияланган тилкени колдонуу менен даярдалган», - деп билдирет Казакстандын Улуттук банкы.

Банкнот 25 коргоо элементинен турат жана боз түстө. Өлчөмү 155х79 мм.

Белгиленгендей, банкнот Казакстандын бүткүл аймагында номиналдык наркы боюнча төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынууга, ошондой эле банктык эсептерге чегерилүүгө, өлкөнүн бардык банктарында которууга, алмаштырууга жана алмашылууга милдеттүү.

Тэги: Казахстан тенге

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу