Кореяда Seoul International Tourism Fair 2021 эл аралык туризм көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кореядагы Кыргызстандын элчилигинин сайтында маалымдалды.
Бул иш-чаранын максаты - чет мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтуу.
Буга байланыштуу элчилик өлкөдөгү кызыктар туристтик компанияларды көргөзмөгө катышууга чакырат.