Кыргызстанда Жарандык бюджеттин 2021-жылга божомолуна ылайык, 260,1 миң пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдөгү пенсионерлердин жашоо минимуму 5 миң 183 сомду түзөт.
2022-жылга карата пенсионерлердин саны 266 миңге чейин өсөт.
Кошумчалай кетсек, божомол боюнча, быйыл өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6180 сом деңгээлинде болот.