ЕАЭБ келишими боюнча Кыргызстанда 32 орусиялыкка пенсия төлөндү

15.05.2023, 11:49 Акчабар
ЕАЭБ келишими боюнча Кыргызстанда 32 орусиялыкка пенсия төлөндү

Кыргызстан 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Эмгекчилерди пенсия менен камсыздоо келишиминин алкагында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн 38 жаранына пенсия төлөп берди.

Анын ичинен 32си Россия Федерациясынын, 6сы Казакстан Республикасынын жарандары.

Мындан тышкары Россия Федерациясы Кыргызстандын беш жаранына жарым-жартылай пенсиялык төлөмдөрдү берди.

Эске салсак, пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимде Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында иштеген же башка ишмердүүлүк менен алектенген же пенсиялык укукка ээ болгон жумушчулар катары таанылат.

Тэги: экономика пенсии и пособия ЕАЭС новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу