Өлкөдө 407,1 миң адам жылына 30,5 миң сом менен жашайт

30.11.2022, 10:38 Акчабар
Өлкөдө 407,1 миң адам жылына 30,5 миң сом менен жашайт

Кыргызстанда 2021-жылы керектөө чыгымдары менен эсептелген жакырчылыктын деңгээли жалпы өлкө боюнча 33,3%ды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 пайыздык пунктка жогору. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли” басылмасында айтылат. 

Жалпы жакырчылыктын чеги 2021-жылы киши башына жылына 45 миң 797 сомду, андан да төмөнү 30 миң 536 сомду түздү. 

“Айыл жеринде жакырчылыктын деңгээли 4 пайыздык пунктка, ал эми шаар жеринде 15 пайыздык пунктка өстү. Былтыр, 2021-жылы 2 миллион 244 миң адам жакырчылыктын чегинде жашаса, анын 62,7%ы айылдык конуштардын тургундары болгон”, - деп айтылат басылмада.

Былтыр, 2021-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу бардык аймактарда, анын ичинде Бишкек шаарында 19 пайыздык пунктка, Ош шаарында 13,9 пайыздык пунктка, Талас облусунда 11 пайыздык пунктка, Ысык-Көл облусунда 10,2 пайыздык пунктка жакырчылыктын деңгээли өскөндүгү белгиленген. Ошондой эле, жакырчылык  Жалал-Абад жана Баткен облустарында 6 пайыздык пунктка, Ош 5 пайыздык пунктка, Нарын 2,4 пайыздык пунктка, Чүй облусу 1,6 пайыздык пунктка жогорулаган.

Өткөн 2021-жылы өтө жакырчылыктын деңгээли 6% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 пайыздык пунктка өстү. Ага ылайык, 407,1 миң адам өтө жакырчылыктын чегинде жашаса, анын 54,9% айыл тургундары болгон. 

Өтө жакырчылыктын өсүшү Талас облусундагы шаардык калктуу конуштарды кошпогондо, республиканын бардык аймактарында байкалган. Өтө жакырчылык Бишкек шаарында 9,2 пайыздык пунктка, Баткенде 8,5 пайыздык пунктка, Ысык-Көлдө 7,6 пайыздык пунктка, Жалал-Абадда 6 пайыздык пунктка, Нарында 3,7 пайыздык пунктка, Ошто 3,1 пайыздык пунктка өскөн. Чуйдө 2,7 пайыздык пунктка, Таласта 2,6 пайыздык пунктка, Ош облусунда 2,1 пайыздык пунктка жеткен. 

“Шаарда ашкере жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 7 пайыздык пунктка, айыл жеринде 4,1 пайыздык пунктка өстү”, — деп жазылган басылмада.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда калктын бакубаттуулугун өлчөө 5 миң 16 кожолуктун бюджетине тандалып алынган изилдөөнүн негизинде жүргүзүлгөн.

Тэги: новости Кыргызстана экономика Нацстаком бедность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу